Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жумгалда санына бычак жеген адам каза болду

13.07.2020 17:03
1170
Жумгалда санына бычак жеген адам каза болду


Жумгал районунда санына бычак жеген адам каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 11-июлда саат 21:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында бир адамды белгисиз жигит бычак менен сайып салды деп билдирүү түшкөн.


Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын 1991-жылы туулган тургуну А.З. мас абалында ошол эле айылдын 1980-жылы туулган тургуну З.У.ны талаадан бычак менен сол санына сайып салганын, З.У. ооруканга жетпей каза болгонун аныктаган.


Шектүүгө карата 130-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Жумгал РИИБ тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн