Бугу 12, 2024
Убакыт: 01:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жумуш издөөчү катары кайда кайрылуу керек?

05.01.2021 09:49
581
Жумуш издөөчү катары кайда кайрылуу керек?

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Кандай документтер талап кылынат?


1) паспорт;

2) эмгек китепчеси же анын дубликаты;

3) анын кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер.


Биринчи жолу жумуш издеп жаткан (мурда иштебеген), кесиби (адистиги) жок жарандарды каттоо паспортту жана билими жөнүндө документти тапшыруу менен жүргүзүлөт.


Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат.


Жумуш орундар жөнүндө маалыматты кайдан алууга болот?


Маалыматты министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле он-лайн режиминде сайтынан алууга болот.


Белгилей кетчү жагдай, министрлик тарабынан "Бош орундардын жармаңкеси" дайыма уюштурулуп турат.


Жарандарды кесиптик окутууга жолдомо берүү төмөнкү максаттар үчүн жүргүзүлөт:


1) ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

2) жумушсуздардын жана жумуш издеген жарандардын зарыл болгон кесиптик квалификация алуусу;

3) жумуш жоктугуна байланыштуу квалификациясын өзгөртүү.


Акы төлөнүүчү коомдук жумуштар кошумча кесиптик даярдыкты талап кылбаган эмгектин жалпыга жеткиликтүү түрлөрү болуп эсептелет. Алар коомдук пайдалуу иштерди аткаруу учурунда ишке ашырылат. Мисалы: мектептерди, бала бакчаларды оңдоо, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, суу түтүктөрүн, газ, канализация жана башка коммуникацияларды оңдоо жана калыбына келтирүү, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо, айыл чарба ирригациялык иштерди өткөрүү жана эмгектенүүнүн башка багыттары боюнча иштерди аткаруу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн