Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикте эң көп жумушсуз жарандар жашайт. Бул тууралуу ЕАЭБдин иликтөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.
ЕАЭБдин маалыматына таянсак, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын февраль айынын аягында 2,5 миллиондон ашуун адамды түзгөн.
Жумушсуздардын көпчүлүгү Кыргыз өлкөсү менен Россияда - 3 пайыздан.
Эң төмөнкү көрсөткүч Беларусь өлкөсүндө катталып, анда жумушсуздар эмгекке жарамдуу калктын 0,2 пайызын гана түзгөн.
2020-жылга салыштырганда ЕАЭБ боюнча жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2,5 эсеге көбөйгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн