Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жунушалиев Бишкектин карызын эртерээк кутулууну тапшырды

22.09.2021 15:51
810
Жунушалиев Бишкектин карызын эртерээк кутулууну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин мэриянын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын башчылары менен кезектеги пландык жыйыны өттү.


Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын катышуучулары эпидемиологиялык абал, коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы көрүлгөн чаралар жана "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы тарабынан жасалган иштер боюнча отчет каралды.


Жолугушуунун жыйынтыгында мэр жетекчилерге функционалдык милдеттерин так аткарууну жана финансылык тартипти сактоону талап кылды. "Бүгүнкү күндө шаардын каржылык чоң карызы бар, анын көбү мүмкүн болушунча тезирээк жабылышы керек", - деди ал.


Ал ошондой эле райондордун жетекчилерине бардык объектилерди өз убагында бүтүрүүнү, оңдолуп жаткан көчөлөрдү текшерип чыгууну тапшырды. Ал эми Санитардык-экологиялык инспекциясына берилген ордерлерге ылайык жүргүзүлүп жаткан бардык жол жана жер иштерин көзөмөлгө алуу, пландаштырылган жумуш көлөмүн аткаруу мөөнөтү бузулган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.


Айбек Жунушалиев шаардын бардык жооптуу кызматтарын тартуу менен коронавируска каршы эмдөөнү уюштуруунун комплекстүү планын иштеп чыгууну талап кылды. Ошол эле учурда шаардыктардын укуктары бузулбашы керек. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына кабыл алынган чечимдерди анализдеп, шаардык кызматтын иш планын бир жуманын ичинде түзүүнү тапшырды.


Шаардык кызматтардын жана ишканалардын бардык жетекчилерине жыйындарга даярданбай келгендиги үчүн жоопкерчиликке тартылары эскертилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн