Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жунушалиев Токиого Паралимпиадага катышуу үчүн жөнөгөн спортчуга 100 миң сом сыйлык тапшырды

19.08.2021 16:50
1131
Жунушалиев Токиого Паралимпиадага катышуу үчүн жөнөгөн спортчуга 100 миң сом сыйлык тапшырды
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев парадзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Хайитхон Хусан кызына жана анын машыктыруучусу Канатбек Имияновго сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, Айбек Жунушалиев алардын жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.


Хайитхон Хусан кызы бүгүн Токиого жөнөп кетет. Жетишкендиктери үчүн спортчуга 100 миң сом, ал эми машыктыруучусуна 50 миң сом сертификат тапшырылды.


XVI Паралимпиадалык оюндар 24 -августтан 5 -сентябрга чейин Токиодо (Япония) өтөт. Лицензияларды эки спортчу утуп алды: Хайитхон Хусан кызы (паражудо) жана Арстанбек Базаркулов (пара-жеңил атлетика).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн