Жүргүнчү ташуучулар ассоциациясы маалымат жыйын өткөрүп, Батыш автовокзалын Бишкектин сыртына көчүрүүгө каршы экенин билдиришти.
Алардын айтымында, вокзалды көчүрүүдөн жүргүнчү ташуучулар эле эмес, ишкерлер менен эл да жабыркайт. Жүргүнчүлөр автобекетке барганга убактысын, акчасын коротот.
Ташуучулар реформанын айынан миңдеген адам жумушсуз калышы мүмкүн экенин эскертишкен. Алар автобекет алыс болуп калса шаарлар аралык каттамды эч кимдин алдында жооп бербеген "Telegram-таксисттер" ээлеп аларынан чочулашууда.
"Эң башкысы, бийликтин мындай кадамы унаа тыгын көйгөйүн чечпей эле кайра оорлоштурат, анткени автобекетке баруучу эки эле жол бар", — деген ассоциация өкүлдөрү.
Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров "Ош" базары менен Батыш автобекети жайга чейин шаар сыртына чыгарыларын айткан. Мэрия автобекетти Пригородное айылынын тышына (Достук кичи районунун маңдайы) чыгаруу пландалып жатканын маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн