Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жүргүнчүнү жүк ордуна алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды (видео)

02.04.2020 08:52
734
Жүргүнчүнү жүк ордуна алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды (видео)


Чүй облусун “Сосновка” карантиндик-санитардык посттунан жүргүнчүнү жүк салган жака жаткырып алып өтүүгө аракеттенген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.


Маалыматка ылайык, 1-апрелде саат 18:30дар чамасында Mercedes-Benz унаасын документтерди жана саламаттыгын текшерүүгө токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыкканы кабарланат.


“Айдоочу Жалал-Абад облусунан Бишкекти көздөй келе жаткан экен. Текшерүү учурунда унаанын ичинде 1 эле жүргунчү болгон. Жүк салган жагын ачтырганда ал жакта да бир адам бар экени аныкталды. Ал борбор калаага өтүүнү көксөгөнүн, бирок документтери жок экенин айткан. Натыйжада унаа айып аянтчасына токтотулду, айдоочу менен жүргүнчү Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн