«Чындык» сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков жашырын документтерди жарыялагандыгы үчүн 48 саатка кармалгандыгы айтылууда.
Маалыматтарга караганда журналист вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун, анын Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси барлыгы жөнүндө имиш сөздөр боюнча жазган түшүнүк катын жарыялап жиберген. Айрым маалыматтар боюнча ага бул маалыматты Курсан Асанов берген.
Эске сала кетсек “Чындык” сайтынын редактору мурдагы Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында бүгүн кармалды. Ал эми журналист Т. Бейшенбеков К.Асанов менен жакындан тааныш эместигин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн