Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:29
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Журналист Эрнис Кыязов өкмөткө эмнеге нааразы?

04.01.2021 14:43
896
Журналист Эрнис Кыязов өкмөткө эмнеге нааразы?


 Кайсы бир ишканага жумушка киргени жатканда оболу "канча айлык алам?" деп сурайсың. Жумуш берүүчү да сенин жөндөмүңдү, шыгыңды, тажрыйбаңды карап "сен мобул-тигил ишти кыласың, ошонуңа момунча төлөнөт, макулсуңбу?" деп сурайт. Макул болсоң ал жерде иштебей жолуңду улайсың, же макул болуп иштей баштайсың. Мен Бешинчи каналга учурдагы коллективде иштегендердин ар бирин ошол ким эмнени иштээри, айына канча алаары ачык, так сүйлөшүлгөн соң анан гана арыз жазып, келишим түзүлүп ошондон бери ар кими өз милдетин аткарып иштеп келе жатышат. Өзүм да эң алгач бул каналга келгенде  жалгыз кабинетте олтуруп алып, буга чейинки жамааттын журналисти, жооптуу редактору, шеф редактору, операторлору, техниктери, баяндамачылары ж.б.адистери, баш директору канча айлык алып жүргөндүгү тууралуу ведомостторду, кагаз-кугаздарды карап таанышып, анан ошонун негизинде ар жыл сайын "..телеканал рекламадан жарытып тыйын таппайт экен, киреше дээрлик жокко эсе, андыктан биз жамаатта момунча кишибиз, ар бирибиздин кылчу ишибиз момундай, айына мээнетибизди момунча суммага баалайбыз, төлөй алсаңар иштеп берели" деп ким канча мээнэт акы алаары бадырая жазылган катты эч бир секрети жок эле өкмөттөгү тиешелүү тараптарга (каржы министрлиги, маданият министрлиги, маммүлк фонду), а түгүл премьер-министрге чейин даректелет. Эки жылдан бери тер акыбызды ушунтип эле алып келебиз. Парламентте жыл сайын бюджет маселеси каралат, өкмөт "момунча акча керек" деген маселеде Бешинчи каналдын каржы маселесин да Жогорку кенештеги бюджет комитетинин кароосуна коет. Ошолор өз ара “макул” дегенден кийин гана каналга каржы бөлүнөт. Эки жыл аралыгында бир да тарап "..кокуууй биз мынча пул төлөй албайбыз, жапкыла да тарап кеткиле" деп айта элек. Ай сайын жамаат иштейт, жамааттагы ар бир кишинин конкреттүү иши, функциясы бар, ар бири жасаган эмгеги үчүн айдын аягында айлык күтөт. Жамааттагы ар бир кызматкер сыяктуу эле, мен да эмгегимди, жөндөмүмдү, мээнетимди өкмөткө сунуштайм, “мен момундай кызматты аткарам, мобул иштерди жасайм, момунча айлык менен” деген таризде, өкмөткө жазылган катта көпчүлүктүн катарында менин да тер акым камтылат, анын уялып-тартына турган, кымтынып-кысына турган деле себеби жок. Пенсионерлерге пенсия берүү, бюджеттик мекемелерге маяна берүү кыйындап турган кезде Бешинчи каналга неге бюджеттен каржы бөлүнүшү керек, акча таап өз жанын өзү бакпайбы?-деп чочугандарга айтаарым, Бешинчи канал гана эмес, КТРК, ЭЛТР,Пирамида ж.б.көптөгөн каналдар өз жанын өзү бага албайт. Дегеле телеканалдар киреше алып келбеген, идеологиялык маселелер үчүн гана керек болгон медиалар, муну баары эң сонун түшүнүшөт (..жеке саясатчылар жеке позицияларын коомго жеткирип туруу үчүн жеке каналдарга каржыны өздөрү табышат; а мамлекет,өкмөт өз позицияларын коомго жеткирип туруу үчүн каржыны өкмөттүк структуралар аркылуу бөлөт, айырма ушул.) Андыктан, Бешинчи каналдын иштей берүүсүн өкмөт, парламент биргелешип туура көргөнү үчүн, ага жыл сайын акча бөлгөнү үчүн жамаат иштеп жатат. Иштеткенди билген өкмөт, ал иш үчүн төлөй да билиш керек, телеканалдын ар бир кызматкери айлыгын адал мээнет, мандай тер менен таап жатам деп эсептейт. Каржыны өкмөттөн алып жатса да, контентти элге сунууда телеканал окуяларды баланстуу, тең салмакта чагылдырууга, тигил же бул окуяга катышы бар тараптардын баарын чакырууга аракеттенип келет. Бечара пенсионерлердин ырыскысын, майып, колдоого муктаждардын ырыскысын айлык кылып бизге бергиле,-деген эч ким жок бизде. Биз тер акыбызды татыктуу иштеп алып келе жатабыз.

 

Телеканалдын жетекчиси түкүнчө айлык алат экен, каналда айлыктын көлөмү баланча экен деп жаны жай албаган “чукугучтар” чыгыптыр. Ошондойлорго  айтаарым, Кудай аларга мол өмүр, ден соолук, адал ырыскы бере көр, пейилдерин кең кыл,  оомин. Илгери Бешинчи каналга команда топтоп аткан кездери, күчтүү кадрлар көздөн учуп, “Азаттыктагы” бир журналист үкеме чалып “келбейсиңби, жаңы иш баштап атабыз, айлык өтө көп болбосо да, татыктуу кылганга аракет кылабыз” десем, “..аке мен мин доллардан кем айлыкка иштебейм” деди эле. Негедир бу тапта ошону эстедим... Биздин каналда азыр миң доллар алган эч ким жок албетте, бирок ошол үкемдин өзүнүн мээнетин, өзүнүн баркын, баасын  баалаган сыпатына тан бердим. Кайсы жерде иштебесин, ар бир кадрдын өзүнүн баасы, наркы болот. А өкмөт тарапка айтаарым, он сом төлөп берип, миң сомдук жыйынтык күткөн мамиледен арылыш керек; анткени рыноктун кашкайган эрежеси бар – он сом төлөсөң он сомдук эле иш болот, андан ашыкча бирдеме күтүп кереги жок. Эң негизгиси, биздин жамаатта ТЕЦти уурдап , тарых музейди тоноп, ынкылаптарда морадерлук кылып, банк ячейкаларынан тыйын кымтып, Кумтөрдүн акырынан элдин ырыскысын жеп мамлекетке кандайдыр залал кылган киши жок; биз күнүгө эртең менен ишке келип, кеч кетип, ар бирибиз өз ишибизди татыктуу жасап айлыгыбызды татыктуу алып жатабыз.  Ошондой тер төгө, мээнет кыла иштөөнү бардык адамдарга каалайбыз. Мисалы жеке менин өзүмдүн мээнетимдин, жөндөмүмдүн, шыгымдын баасы бар.  Ошол бааны баалаган жерде, ашык эмес, кем эмес, иштеп мээнет кылам, энергиямды ошол жерге толук  арнайм. Аны баалай албайбы, демек анда аны баалай турган жерге барып иштөө же иштебөө менин ыктыярымдагы нерсе. “Менин эмгегим момунча турат” деп айтуунун эч бир эрен-төрөнү жок, аны өкмөткө айтасыңбы же жеке тараптаргабы бул - рыноктогу кадыресе нерсе деп эсептейм. Айтор, ар бирибиз өзүбүздүн баа-баркыбызды, чыныгы кадырыбызды  биле жүрөлү, достор. Болгону ошол эле..


Эркис Кыязов, 5-каналдын жетекчиси


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн