Журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин кармалышы боюнча күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.
Буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин мыйзамсыз иштери, ири байлыктары тууралуу иликтөө жасаган болчу. Анда Токоев Финполго кызматка киргенден тарта анын туугандарынын байлыктары тездик менен өскөнүн көрсөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн