Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Журналист Марат Уралиев Кара-Суу РИИБине эмнеге чакырылганын айтты

15.08.2020 11:32
1178
Журналист Марат Уралиев Кара-Суу РИИБине эмнеге чакырылганын айтты


Журналист Марат Уралиев Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүндө сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү билдирди.


"Суракта бир кагазга кол койдурушту, ага өзүм дагы таң калып жатам. Ош шаарындагы карантин убагында той өткөн "Баястан" рестораны боюнча сурашты. Ал учурда менден башка адамдар дагы болгон, бирок мени гана суракка чакырышкан экен. Анда мени ал ресторанга экинчи жолу барганым боюнча сурашты. Анткени мен ал жакка эки жолу барганмын. Биринчисинде Жогорку Кеңештин депутттары, УКМКнын кызматкерлери жүргөнү далилденген. Ал эми экинчисинде биз барганга чейин баары чыгып кетишкен", - деген журналист.


Белгилей кетсек, буга чейин Уралиев 12-август күнү кечки саат 22:00 чамасында Кара-Суу РИИБинен ага телефон чалып, суракка чакырылганын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн