Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы журналист Семетей Талас уулу кандай иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат берди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т кармалган.
Ал экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатканы кабарланды.
Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.
18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн колун кайрып, алып кетишкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн