Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты

03.11.2022 13:10
307
Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты

Бүгүн, 3-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралды.


Соттун чечими менен Талас уулу үй камагына чыгарылды.


Буга чейин Семетей Талас уулу өзүнө коюлуп жаткан айыптар боюнча пикирин билдирген.

"Фейсбуктан бир материал бөлүшкөм, Ооганстан боюнча. СССРдин, Американын аскерлеринин бул өлкөгө келиши боюнча тарыхый эле материал болчу. Аны бөлүшкөндөн кийин бирөө "хизбуттардын" сайты, билбейсиңби деди. Билбейм дедим. Чын эле ошондойбу деп, 20 мүнөттөн кийин өчүрдүм. Ошол базага түшүп калып, кармап тура беришкен. Февралда үйдөн дагы китептерди алып кеткен, ал муфтияттын уруксаты менен чыккан китептер. Андан эч нерсе чыккан жок, үйдөн дагы эч нерсе чыккан эмес. Өзүм салтуу исламды карманган, катардагы эле мусулманмын. Мен байкабай бөлүшүп алдым да, атайылап бөлүшкөн жокмун", - деди Талас уулу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн