Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жазуучунун гүлгө толгон бакчасынан фоторепортаж

06.04.2020 15:24
1882
Жазуучунун гүлгө толгон бакчасынан фоторепортаж


Ош шаарынын тургуну, журналист, жазуучу, филология илимдеринин кандидаты жана ОМЮИнин доценти Ризван  Исмаилова гүл өстүрүүнүн мыкты устаты жана сүйүүчүсү. Анын короосунда, үйдөгү бөлмөлөрүндө гүлдөрдүн укмуштуудай көп түрү өстүрүлөт. Анын гүлдөрүн суктанып караган ар бир жаранга жагымдуу маанай тартуулайт.



Жоогазындар мартта, апрель айынын башында гүлдөйт, абдан кооз жана көрктүү гүл. Мандалагынан чыгат, түрлөрү абдан көп. Кечинде желектерин жаап алышат. Күндүн көзүнө карап маанайын өзгөртүп турушат. 2-3 жумадан соң желектери түшүп, бул жарыкчылыкка келгенине каниет айтышат. Өтө назик, сабырдуу, үлбүрөк көңүл гүл.




Булардын желектери өтө чоң, ортосундагы гүл урук байлаган ыйлаакчалары кара түсү, уруктары даана байкалат. Булар талаадагы жапайы жоогазынга караганда да чымкый кызыл түсүнүн албырап турганы менен айырмаланат.



Бул бөлмөдөгү гүлдөр: амараллис, пеларгония, кытай розасы, шефлера жана  башкалар.



Кислица абдан назик, кооз анан калса кирчимел гүл. Кытай розасы уяң, ысыкты, мээримди, сууну жакшы көрөт. Азыр болсо сырттагы короодо нарцисстер гүл ачып, бири-бирине сулуулугун айтып түгөтө албай жаткан кези.








Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Садиева Айгул
Мен гулдорду ото жакшы кором! Гулдорду коргондо БАКТЫЛУУЛУКТУ, ГАРМОНИЯ ЖАШООНУ, ПОЗИТИВ ЭМОЦИЯЛАР ДЕНЕМДЕ ОРУН АЛАТ. ДЕН СООЛУК А ЭН ЧОН ПАЙДАСЫ БАКТЫЛУУЛУКТУНН ГАРМОНДОРУ БОЛУНУП ЧЫГАТ. МЕДИЦИНА ДАЛИЛДЕГЕН, ЭГЕР БАКТЫЛУУЛУК ГАРМОНУ ДЕНЕБИЗ БОЛУП ЧЫГАРБАСА БУЛ РУХАНИЙ ДЕН СООЛУКТУН ИЛДЕТИ! ОШОНДУКТАН РИЗВАН АЙЫМ СИЗ ОТО БАКТЫЛУУ ОЗГОЧО АЙЫМСЫЗ!!!
РизаСавай
Чоң ыракмат!Дарыгердин ушундай пикиринен кийин гүлдөргө болгон мамилелем ого бетер жакындай түштү
Риза Савай
Гүлдөр менин жашоомдун маңызы болуп калды