Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Журналисттерге өзгөчө абал кирген аймакта иштөөгө уруксат берилбейт (видео)

30.03.2020 10:56
749
Журналисттерге өзгөчө абал кирген аймакта иштөөгө уруксат берилбейт (видео)


Өзгөчө абал киргизилген аймактарда иштөөгө журналисттерге аккредитация берилбейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйында айтты.


Анын айтуусуна караганда журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгы, коопсуздугу үчүн аккредитация берилбейт.  


Төмөндө коменданттын кайрылуусун өзгөртүүсүз беребиз: 


"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык мыйзамында, Өзгөчө абал – калктын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндиктерине айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттенмелерди жүктөөчү убактылуу чара экендиги так көрсөтүлгөн.

Күнүмдүк иш тартиби өзгөртүлүп, бул ЖМКлардын ишмердүүлүгүн да кыйгап өткөн жок. 

Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Алардын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана ыӊгайлуулугу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Бардык кызыктырган суроолорду WhatsApp номерине жиберсеӊиздер болот, биз журналисттердин жана коомчулук тарабынан берилген эӊ орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз. 

Буга чейин өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация бере албайбыз.

Ошондуктан сиздерден өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну көптөн-көп суранып кетер элем.

Башка өлкөлөрдүн үлгүсү көрсөткөндөй, ал жактарда дагы журналисттердин ишине болгон талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкүдөй жаӊы технологиялардын доорунда дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар аралыктан иштеп жатат. Азыркы учурда интернет жана байланыштын башка каналдары аркылуу суроолорго ар кыл өӊүттөгү жоопторду алууга болот.

Коронавирус инфекциясы – жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы жаӊы чакырык. Аны менен күрөшүүдө биз бир муштумга биригип, саясий жана башка көз караштарыбызды четке жыйыштыра туруп, бул чакырыкка каршы биригишибиз керек.

Мындан улам журналисттерге Республикалык штаб, комендатуралар жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген так, даана маалыматтарды гана тараткыла деп кайрылат элем.

Ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн башкы шарттарынын бири мыйзам тарабынан аныкталган бекем тартипти жана эрежелерди сактоо болуп саналат. Сиздерди туура түшүнөт деп ишенем жана маалыматтык колдооӊуздарга ыраазычылык билдирем."



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн