Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Журналисттик иликтөөдөн кийин жасалма ПЦР-тест саткан жаран кармалды

27.08.2021 11:44
490
Журналисттик иликтөөдөн кийин жасалма ПЦР-тест саткан жаран кармалды

Ак-Жол өткөрмө бекетинин аймагында ПЦР-тесттерди жасап сатууга шектелип “Бека малыш” атту адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Гүлжигит Мурзабаев журналист Мээрим Сырдыбаевага билдирди. Сырдыбаева бүгүн саат 11:00гө күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Ички иштер министрлигине чакырылды.

 

“Өлүм-өмүрдөн акча жасаган шылуундар” деген аталыштагы журналисттик иликтөө 23-августта жарыяланган. Анда ПЦР-тесттерди жасалмалап саткан бир нече фактылардын бети ачылган. Алардын бири Ак-Жол өткөрмө бекетинде аныкталып, бекетти “Бека малыш” каймана аттуу жигит тейлээри белгилүү болгон. “Бека малыш” саткан ПЦР-тест 3 миң сомду түзгөн. Жасалма документ Бонецкий лабораториясынын бланкында даярдалган. Бул лабораториянын жетекчилиги алардын атын жамынып, жасалма тест жасагандар оголо көп экенин билдирген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн