Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу 14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады.
Анын айтымында, өспүрүм балдар телефон аркылуу эмнелерди гана көрбөйт.
"Телефондо эмнелер гана жок. Ошондуктан 14 жашка чейинки балдарга телефон колдонууну мыйзам менен тыюу салсак.
Балдарын таппай жаткан, кайда экен деп санаа болгон ата-энелер балдарын чиптештирип алсын",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн