Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жүз миңдеген адамдар көчөгө агылды. Израилде болуп көрбөгөндөй нааразылык акциясы өтүүдө (фото)

27.03.2023 09:41
463
Жүз миңдеген адамдар көчөгө агылды. Израилде болуп көрбөгөндөй нааразылык акциясы өтүүдө (фото)

26-мартта Израилдин борбору Тель-Авив шаарында ири нааразылык акциясы өттү. 


Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, нааразылык митингине 700 миңдей адам катышкан. Алар Израиль өкмөтү тарабынан кабыл алынып жаткан сот реформасына каршылыгын билдирүүдө.


Нааразылык акциясы  премьер-министр Нетаньяху сот реформасын сынга алган Коргоо министрин кызматтан алгандан кийин кайра күчөдү.

Жүз миңдеген адамдар резиденцияга бет алганда полиция кызматкерлери суу менен атып, митингчилерди таратуу амалын көргөн.


Белгилей кетсек, сот реформасына каршы Израилде бир нече күндөн бери нааразылык акциясы өтүп келүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн