Байыркы замандарда биздин чөлкөмдө Кожо Ахмет Яссави аттуу аалым жашаган. Ал дагы мектептерди ачып, адамдарды билимге, тынчтыкка үндөгөн. Өзү жыгач усталык менен тиричилик экен. Ошол инсан шакирттерине эч ким менен согушпагыла, согуш илим-билимди жер менен жексен кылат деп үйрөтүптүр. Мектепти бүткөндөрүн аттантып жатып жыгачтан кылыч карматып узатчу экен. Бул кан төкпөгүлө, билимдүүлүк, маданияттуулук, адамгерчилик үчүн гана күрөшкүлө деген ишаараты болуптур. Бир күнү заалим хан кандайдыр бир жаңжалдын арты менен мектептерди жаптыртуу үчүн анын жалгыз уулунун башын кестирип, аалымдын үйүнө алпартып берет. Ошондо да Яссави он миңдеген шакирттеринин ниетин сабырдуулукка буруп: "Ээ, балдар! Жалгыз уулум кайтпас сапарга кетти. Бир күнү мен да, силер да, ханыбыз да о дүйнө салабыз. Бул ажалдан эч ким кутулбас. Биздин артыбызда билим гана түбөлүктүү жашайт. Ачууга алдырып мектептерибизди да кара жерге көмүп албайлы!", - деген экен көзүнө жаш алып. Ошондон бери Борбор Азияда билимдин шамы өчпөй келет. Илим-билим гана өнүгүүгө даңгыр жол ачат. Билимсиздик чыр-чатак, согуштардын отун жандырат.
"Алперендер очогу" аттуу тарыхый романда ушундай эпизод бар.
Кыргызда муну "Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат" деп койгон.
Ибраим Нуракун уулу
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн