Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абадда унаа уурдап качкан жаран кармалды

Жалал-Абадда унаа уурдап качкан жаран кармалды


Жалал-Абадда унааны уурдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-майда Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине 1955-жылы туулган А.К. атуу жаран арыз менен кайрылып, 27-май күнү 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө токтоп турган “Деу-Нексия” үлгүсүндөгө автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.К. аттуу жаранды кармашып, тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн