Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Залкардын талантын сыйласак арбагын тынч койбойлубу?

23.04.2020 11:50
1548
Залкардын талантын сыйласак арбагын тынч койбойлубу?


20-апрель жалпы кыргыз журтчулугу үчүн өтө оор жоготуу болду. Карантин маалында каран түн түшкөндөй элибиздин булбулу, күн-түндөп төксө да чарчабаган дулдулу, Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев оорудан улам 42 гана жашында дүйнө салды. Ыйлабаган кыргыз калган жок. Эртелеп чыгармачыл чөйрөгө аралашып, эртелеп атак-даңкка жетип, эртелеп эл артисти наамына татыган залкар көрсө өтө шашып жашаган тура. Төкмө, обончу, манасчы, дастанчы эле. Ушул өнөрлөрдүн баарында ал өзүнүн жогорку чеберчилигин, вулкандай атылган зор талант экенин кыска өмүрүндө далилдей алды. Ал өзү «Мен ким экенимди али өзүм да биле элекмин. Билгеним ичимде дайым бир бук жашайт. Кыязы, ал мени менен кошо кетет го» деп айткан экен убагында. Ошол ичиндеги бук анын талантынын кенчи эле да. Улам жаңы обон чыгарып, улам жаңы бийиктиктерге чыккан сайын, ичиндеги бугу улам буркан-шаркан түшүп турганын түшүнүп турабыз. Эгер өмүрү узун болгонунда элибиздин жарпын жазар, эм-дем болор далай чыгармалар жаралбайт беле, аттиң.


Ошентип, Элмирбек Иманалиевдин дүйнө салганына үчүнчү күнгө аяк басты. Интернеттеги социалдык желелерде акындын аз жана саз жашаган өмүрүнө арналган ырлар, жакшы пикирлер, кошоктор айтылды. Тилекке каршы, айрым мекендештерибиз өтө эле ашкере кетип калып жатышканын көрүп зээн кейийт.


2017-жылы октябрь айында элибиздин жарык жылдызы, мукам үндүү ырчысы Гүлбү Орозкул кызы 41 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү эле. Ал акын Элмирбек Иманалиевдин биринчи жубайы болгону белгилүү. Эми ак таңдай акын дүйнөдөн өткөндө алардын сүрөттөрүн жанаша коюп же убагында алардын чогуу түшкөн сүрөттөрүн бадырайта илип, анан «Элмирбек Иманалиев Гүлбү Орозкул кызы кайтыш болгондон кийин, аны сагынып артынан кетти» деген сыяктуу постторду жазууда. Туура, Г. Орозкул кызы акындын биринчи сүйүүсү, биринчи жары болгон. Бирок, ал экинчи никесинен да төрт баланын атасы болгонун неге эске албай жатабыз. Ушул өңдүү посттор менен Э. Иманалиевдин өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин чогуу жашаган жубайынын, төрт баласынын жүрөгүн тилип жатканыбызды сезгибиз келбейби? Чыгармачыл чөйрөдө белгилүү айым: «Гүлбү эжеме салам айта барыңыз» деп жазганын кандай түшүнөбүз? Келекелөөбү, шылдыңдообу?


Ал эми бир журналист «чувак» алп талантты «бир өтө белгилүү «чувак» өлүптүр» деп отурат. Эми мындай жан дүйнөсү роботтордой «зымга» айланып бараткан «чувактарга» айла жок.


Бир партиянын лидери, президент болсом деген гана максат менен жашап келаткан саясатчыбыз болсо «Элмирбекти бир топ убакыттан бери КТРК менен ЭлТРге жолотпой коюшкан» деп отурат. Анда ал КТРКдан байма-бай кетип турчу «Төкмө келсе төр бошот» деген долбоорду такыр эле көргөн эмес окшойт.


Ошонун артынан эле Кылычбек Султан аттуу экс-элчи «Элмирбек Иманалиев шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен бармак экен. Такталды» деп жазды. Кудайга тооба! Кантип такталды?! Кылычбек мырза Элмирбек Иманалиевдин артынан барып, сурап келдиби?


Айтор, улуу таланттын арбагын ушул өңдүү посттор тынч жаткырбай жатса керек. Эч кандай партияга тиешеси жок, эч бир саясатчынын камчысын чаппаган, эл үчүн гана ырдаган, жерибиз үчүн күйгөн залкардын атын өз кызыкчылыктарына пайдаланбай, анын жеке үй-бүлөлүк турмушуна кийлигишпей, көңүл айтсак жөн гана көңүл айтпайлыбы. Жөн гана жан дүйнөбүздөн сызылган жоктоону айтпайлыбы.


Канатбек Аскаров

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азамат
Аллахым Жаткан жерин жайлуу кылып, акыретте Бейишнен орун берсин