Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 23:33
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары менен видеоконференция өттү (фото)

04.05.2020 22:24
907
Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары менен видеоконференция өттү (фото)


“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов чет жакта жүргөн мекендештер менен онлайн сүйлөшүп, алардын көйгөйлөрүн укканын социалдык баракчасына жарыялады.


Анда бүгүн, 4-майда “Замандаш” партиясынын борбордук кеңсесинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктар менен видеоконференция өткөнү, ага Жогорку Кеңештин депутаты "Бюджет жана финансы" комитетинин мүчөсү Марлен Маматалиев да катышканы айтылат. Онлайн байланышка Италия, Улуу Британия, Вьетнам, Япония, Казакстан, Германияда жүргөн кыргыз жарандары чыккан.


Баарлашууда алардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде каржылык, материалдык жардам көрсөтүү жана жарандарды мекенине алып келүү маселелери талкууланган.


Ал эми депутат Марлен Маматалиев айтылган көйгөйлөр, өтүнүчтөр боюнча 6-майда өтө турган Жогорку Кеңештин "Бюджет жана финансы" боюнча комитетинин жыйынында көтөрүүгө убада берген.  


“Урматтуу мекендештер, соңку бир айда чет өлкөлөрдөгү жарандарыбызга колдоо көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жана ресурстарды жумшадык, жеринде колдон келген жардамыбызды көрсөттүк жана парламент менен өкмөт алдында силердин көйгөйлөрдү көтөрдүк.


Жогорку Кеңеш жана Өкмөт биз айткан сунуштарды кабыл алышып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.


Урматтуу мекендештер, биз үчүн ар бириңердин тагдырыңар кымбат!”, - деп билдирүү калтырган Молдокматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн