Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Замир Казакбаев, журналист: “ТикТок” аркылуу канча адам иш кылып жатышканын билишпейби?”

01.09.2023 10:36
227
Замир Казакбаев, журналист: “ТикТок” аркылуу канча адам иш кылып жатышканын билишпейби?”


- “ТикТок” тиркемесин жабуу боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсү көпчүлүк адамдардын, айрыкча чыгармачылыкка ыктагандардын нааразычылыгын жаратууда. Сиз кандай пикирдесиз?


- Дагы бир кейиткен кызыктай жагдайга дуушар болуп отурабыз. Кол менен санай турган айрым келесоолорго теңелип, маданият министрлиги “ТикТокту” жабат имиш. Ошол тиркеме аркылуу канча адам иш кылып атканын билишпейби? Мен түшүнбөйм, эгер келесоонун катталуучусу болуп, ошонун лентасын карап отурган бирөөлөр болсо, анда ким күнөөлүү? Бир келесоону бир келесоо көрө берсин да. А эмнеге алар үчүн жалпы элди келесоо кылыш керек?


Маселе “ТикТокто” же казинодо эмес! Казиного барып ойноп, утулуп калып, догурунган немелерге дагы түшүнбөйм. Ал уттурайын деп барган жок да? Өтүп бараткан жеринен бирөө казиного жетелеп кирмек беле? Ал ачкөздөнүп, жеңил эле акчалуу болгусу келип барды да, туурабы? “ТикТок” деген бул болгону тиркеме. Аны колдонуу боюнча эл менен иш жүргүзө турган мекеме катары жоопкерчиликти моюнга алып, коомчулукка карай тыгыз иш алып баруунун ордуна, жаба салган оңой да. Айтор, кызыктай эле түшүнүксүз коом болдук...


 Эгер маданият министрлиги өз ишин мыктап аткарганда, башкача болот эле. Жаап салбай, эл менен иштөө зарыл болчу. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн