Бугу 07, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Замир каары Ракиев Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп дайындалды

10.08.2020 16:29
919
Замир каары Ракиев Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду. 

Муфтияттын маалыматына караганда, муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында  Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

Эмгек жолу: 

2007-2008-жылдары — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим болуп иштеген;

2008-2010-жылдары — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор болгон;

2010-2011-жылдары — Нарын облусунун казысы;

2011-2016-жылдары — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;

2016-2017-жылдары — Кыргызстан мусулмандар Дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн