Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Муфтийи болуп шайланды. Бул тууралуу Руслан Бекназаров Фейсбук баракчасына жазды.
Маалым болгондой, бүгүн Бишкекте Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп анда КМДБнын Муфтийин шайлоо өткөн. Шайлоо жыйынтыгында Ракиев Муфтий болуп шайланган.
Эскерте кетсек, Муфтийликке 9 талапкер ат салышкан.
Замир Ракиев буга чейин КМДБнын Муфтийинин орун басары болуп иштеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн