Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Замирбек Базарбеков ЕАЭБ сотунун делегациясын кабыл алды

27.02.2024 15:44
122
Замирбек Базарбеков ЕАЭБ сотунун делегациясын кабыл алды


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Евразия экономикалык биримдигинин сотунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары жана судьялар, ошондой эле ЕАЭБ соту тарабынан аталган соттун судьясы, төрагасынын милдетин аткаруучу Алексей Дронов, төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Айжамал Ажибраимова, судьялар Марат Кайыпов, Андрей Забара, Аскар Кишкембаев, Наталья Павлова, Арайик Тунян катышты.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Евразия экономикалык биримдигинин мындай курамдагы сотторунун Жогорку сотко келиши биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

“Аталган соттун курамындагы Кыргыз Республикасынын судьялары Жогорку соттун имаратында болуу сыймыгына ээ болбостон, Жогорку соттун судьясы болуп да көп жылдар бою иштешкен.

Ошондой эле делегациянын ушундай өкүлчүлүктүү курамын эске алып, сизди Алексей Александрович Евразия экономикалык биримдигинин сотунун төрагасынын кызмат ордуна шайланышы менен жана Айжамал Мусуратбековнаны төраганын орун басарынын кызмат ордуна шайланышы менен куттуктагым келет.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында сиздин талапкерлигиңиз колдоого алынып, бекитилет деп ишенем.

Мындан тышкары, менин билишимче, бүгүнкү жолугушууга биринчи жолу дайындалган судьялар дагы катышууда.

Буга байланыштуу баарыңыздарга кесиптик жетишкендиктерди жана алдыга койгон бардык ой-тилектериңиздерди ишке ашырууда ийгиликтерди, ошондой эле бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм”, - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Өз кезегинде Алексей Дронов ЕАЭБ сотунун судьяларын кабыл алгандыгы үчүн Замирбек Базарбековго ыраазычылыгын билдирип, быйыл кыргыз соту үчүн маанилүү жылдардын бири экендигин, анткени Кыргыз Республикасынын сот тутуму өзүнүн 100 жылдыгын белгилегени жаткандыгын айтты. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун бир гана сот тутуму үчүн жасап жаткан аракетин гана эмес, төраганын эл аралык деңгээлде жасап жаткан иштери мактоого арзый тургандыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн