Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Замирбек Осмонов: Биздин жол - билим, тарбия жана ак эмгек!

04.09.2020 15:33
1422
Замирбек Осмонов: Биздин жол - билим, тарбия жана ак эмгек!


Бүгүн, 4-сентябрда  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталды. 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо 15 саясий партия ат салышмакчы.


“Биримдик” партиясынын атынан депутаттыкка талапкер Замирбек Осмонов  үгүт иштерин  жакшы санаалаштары менен бирге белгилүү инсан Исхак Раззаковдун айылындагы айкелине барып, гүл коюп, куран багыштоо менен баштады.


Осмонов алдыдагы жарышта элдин колдоосуна ишенээрин, ар дайым элдин суроолоруна жооп берээрин, келечекке карай пландарды, көз-караштарды, өлкөнүн, анын ичинде өзүнүн  кичи мекени болгон Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын өнүгүүсү боюнча ойлорду талкуулоого даяр экендигин баса белгиледи. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн