Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Замирбек Осмонов: “Бүгүнкү күндө бизнеске туруктуулук керек”

16.07.2020 11:41
1945
Замирбек Осмонов: “Бүгүнкү күндө бизнеске туруктуулук керек”


COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстан бүгүнкү күндө абдан оор экономикалык кырдаалды башынан кечирип турган маалы. Апаатка каршы аргасыз ыкчам кабыл алынган эки айлык карантиндик чаралар, өлкөбүздө ар тараптуу ишмердүүлүктүн токтошуна алып келди. Натыйжада бюджетке керектүү 30 млрд сом түшпөй, мамлекеттик казына оор сыноого дуушар болду. Ушундан улам формалдуу эмес экономиканы  көмүскөдөн чыгарууну  кыргыз ѳкмѳтү  ѳз ишиндеги башкы план катары белгиледи. Анткени, кѳмүскѳ экономикабул мамлекеттик казынаны толтуруунун реалдуу булагы. Бүгүнкү күндѳ Кыргызстандагы санариптештирүү  жана электрондук ыкчам төлөө функциялары боюнча түшүнүктѳр ѳзгѳчѳ мааниге ээ болууда.    Экономика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлардын бири  Замирбек Осмоновдун айтымында,  акча төлөмдөрдө, акча чогултуу жана которуу процесстеринде адамдын катышуусун азайтуу менен гана  көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга болот.


- Замирбек Бабакулович, сиз көп убакыт бою салык системасында иштедиңиз, анын жетекчиси да болгонго жетиштиңиз. Системаны ичинен жакшы билген адам катары бүгүнкү Кыргызстанда иштеп жаткан салык мыйзамын кандай баалайсыз?

- Салык кодекси Кыргызстанда алгач 1996-жылы кабыл алынган. Белгилей кетчү жагдай, биз, бүткүл постсоветтик өлкөлөр арасынан биринчилерден болуп кабыл алганбыз.  2009-жылдан тартып Кыргызстанда кодекстин жаңы редакциясы ишке кирип, азыр ошол редакция менен иш жүрүп атат. Негизинен жаңы редакциянын ишке кирүүсү  абдан чоң жетишкендик болду деп эсептейм. 2009-жылдан бери кодекске жүздөн ашуун өзгөртүүлөр кирди. Мындай көрүнүш “Салык кодекси” башка мыйзамдардай эле догма эместигин билдирет.  Негизинен мыйзамдар ар бир убакытка жана шартка байланыштуу өзгөрүлүп турушу керек. Ал эми негизги талап - өнүгүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камтыш керек. Жалпысынан “Салык кодекси” кылдаттык менен мамлекеттин да, жеке ишкерликтин да кызыкчылыктарын сактап, ортодо балансты камсыздап турушу абзел. Албетте, “Салык кодекси” идеалдуу дегенден алысмын, бирок бүгүнкү күндө өзүнүн ишин эффективдүү аткарып атат.


- Сиз Салык кызматын жетектеп турганда системанын ишин ырааттуу жакшыртууга кандай реформаларды ишке ашырууга жетиштиңиз?

- Мен Салык кызматын жетектеп баштаганда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирип жаткан мезгил эле. Мындан улам, тез аранын ичинде ЕАЭБ мыйзамдарын биздин мыйзамдар менен айкалыштырып, адаптациялоо иштерин башташ керек болду. Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБге толук мүчө болгон убакыттан тарта, Салык кызматына  Бажы кызматынын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон товарлардын кыйыр салык төлөмдөрүн администрациялоо функциялары да өттү. Мындан тышкары, Салык кызматына жеке ишкерлерди каттоо функциясы жаңыдан ишке кирди, буга чейин бул кызмат Эсеп палатасында болчу. Пилоттук эрежеде Салык кызматынын эки райондук башкармалыгында коопсуздук төлөмдөрдү администрациялоо кызматы иштей баштады. Дагы баса белгилеп кетчү жагдай, 2016 - жылы накталай акчасыз төлөмдөрдү жөнгө салуу максатында сатыктан алынган салыкты жоюп, бирдиктүү салыктын көлөмүн эки эсеге азайттык.  


— Кыргызстанда салык анча катаал эместиги жөнүндө көп сөздөр айтылат. Мындай шарттарда ѳлкөбүздө иштеген бизнес эмнеси менен утушка ээ боло алат?

— Белгилүү болгондой, 2009-жылы Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда алына турган салыктын 16 түрү жана салыктын өлчөмү 8 пайызга  чейин кыскарган. Бүгүнкү күнгө чейин биздеги салыктын өлчөмү КМШ аймагындагы эң төмөнкү болуп эсептелет. Ошондой эле орто жана чакан ишкерликте жөнөкөйлөштүрүлгөн салык эрежесин тандап алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары, адам факторун, күтүүсүз текшерүүлөрдү четке каккан пландоо механизмдери киргизилген.


- Кыргызстанда бизнес COVID-19 пандемиясынан аябай жабыр тартты. Буга байланыштуу бизнес коомчулугунан  салыктан убактылуу бошотуу тууралуу сунуштар түшүүдө. Сиз кандай ойлойсуз, Өкмөт мындай кадамга бара алат беле?

— Мындай чечим кабыл алса болот эле.  Бирок, бул кимге жардам бермек эле? Бул күндөрү иштебегендер, ансыз да салык төлөшпөйт, себеби негиз жок. Ал эми иштеп жаткандарынын арасынан кимисин бошото аласың, тандалма жабыр тартуучулар деген болбойт да, анда бул коррупциялык тобокелчиликке алып келет. Айрым, чектөөрлөргө карабастан иши жүрүп жаткандар да бар, бул фармацевтика, азык-түлүк  жана даараткана кагаздарын ж.б. саткандар. Эгерде бошото турган болсок, чакан жана орто бизнестин иши кескин солгундайт,  анткени стимул болбойт. Ошол эле учурда Өкмөт өзүнүн социалдык милдеттенмелерин да аткарышы керек. Менимче, бизнеске киреше таап, салык төлөө үчүн стимул зарыл.


— Ѳлкѳбүздѳ  көп жылдардан бери мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү аракети болуп келет. Мындай кадамдардын бири – бул электрондук эсеп фактурасын киргизүү. Бирок, бүгүнкү күндө бул демилге айрым тоскоолдуктарга учурап атат, бул тууралуу эмне айта аласыз?

— Ооба, быйылкы жылы салык процедураларын фискалдаштыруунун негизги этабы башталды. Анын бири электрондук эсеп-фактураларын киргизүү (ЭЭФ) болуп саналат. ЭЭФти киргизүү, эгерде көмүскөдө иштеп жаткандарды эсепке албаганда, мамлекетке дагы, бизнеске дагы абдан зарыл. Анткени,  мамлекет үчүн бул товардын айлануусун, ошол эле учурда салыкты администрациялоону жакшыртуучу, көзөмөлдөп туруучу курал. Бизнес үчүн бул жагымдуу шарт, анткени бухгалтер бардыгын онлайн жасайт, кагаз жазуунун аны алып барып тапшыруунун ж.б. кажети болбойт.  Ошону менен чыгымдар дагы азаят. Буга байланыштуу ЭЭФти кийирүү аягына чейин чыгара турган абдан маанилүү иш.

 

-Ар кандай эсептѳѳлѳргѳ ылайык,  учурда республикадагы кѳмүскѳ экономиканын үлүшү  50-70 пайызды  түзөт экен. Мамлекетибиз бүгүнкү күндѳ каражатка аябай муктаж экенин эске алганда, бул каражатты канткенде бюджетке түшүрѳ алабыз?

— Жогорудагы жооптордо буга жооп бердим, бул салык процедураларынын бардык компоненттерин фискалдаштырууну жүзөгө ашыруу болуп саналат. Бул көмүскө экономиканын үлүшүн азайтат. Мындан тышкары, чакан жана орто бизнес үчүн  салык жыйноонун тартибин мындан ары жөнөкөйлөштүрүү керек, башкача айтканда,  мындай кадам алар үчүн салык төлөөдө түшүнүктүү жана жөнөкөй шарттарды түзөт. Алар бухгалтер жалдабай, алардын эмгегине акы төлөбөй алат. Бул дагы финансылык жагынан алганда бир топ эле жеңилдик болуп саналат. Ошондой эле камсыздоо тѳлѳмдѳрүнүн тарифтерин карап чыгуу керек, анткени, анын өлчөмүнүн көптүгү көмүскөгө өтүүгө аргасыз кылып, айлыктарды конверт менен бергенге мажбурлайт.


Булак: Акчабар

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн