Бештин айы 09, 2023
Убакыт: 14:31
USD
89.30
89.72
EUR
96.00
97.00
RUB
0.965
0.985

Зардалыга бара турган жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер кеңейтилүүдө

18.08.2023 10:28
364
Зардалыга бара турган жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер кеңейтилүүдө


Кыргызстандын алыскы айылы аталган Зардалыга бара турган жалгыз автоунаа жолундагы тар жерлер тазаланып, кеңейтилди. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.


Атайын техника жана жолчулар Сох-Кан — Зардалы жолунун 53-85-чакырым аралыгындагы бир унаа араң өтө турган тилкелерди тазалап, кооптуу жерлерди кеңейтишкен.


Белгилей кетсек, Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Аны башка айылдар менен жалгыз гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн