Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Зарылбек Рысалиев: Экс-прокурор Өткүрбек мырзанын кандай иштери бар экенин санап берем

20.04.2021 12:17
1464
Зарылбек Рысалиев: Экс-прокурор Өткүрбек мырзанын кандай иштери бар экенин санап берем


Депутат Зарылбек Рысалиев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында "мурдагы баш прокурор Өмүрбек мырза кайда жүрөт, барбы деги" деп сурады.

Бул суроого башкы прокурор Курманкул Зулушев: “Өткүрбек Асылбекович Кыргызстанда эле болуш керек” деп жооп берди.

ИИМ, УКМК угуп жатасыздарбы? Кайда жүрөт ал киши? Ага издөө салган бирөөлөр барбы?”, - деген депутаттын суроосуна жооп берген Зулушев азырынча анын үстүнөн арыз же факты катталган эместигин, ага издөө салууга негиз болгон эч нерсе жок экенин билдирди.

"Менде мындай күмөн саноо болуп жатат: “свой чужой” деген принцип ойноп жаткан жокпу?", - деди Рысалиев.

"Эгерде ал кишинин кандайдыр бир кылмышка аралашып атканын билсеңиз ачык айтыңыз, ошого жараша жооп берели, “свой чужой” деген айтууңуз боюнча анын кемчилигин байкаган жокмун, менде андай маалыматым жок экен. Ошондуктан кайда жашайт турганына да кызыкпадык", - деп айтты Зулушев..

“Мен милиция болуп иштегем, сиз сот болуп иштегенсиз. Ким кандай иш кылганын айттырбай эле билесиз да. Өткүрбек мырзанын кандай иштери бар экенин санап бер десеңиз санап берейин. Ушуну бир эске алып койсоңуз”, - деп суранды Рысалиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн