Бугу 01, 2025
Убакыт: 08:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Зарылбек Рысалиев: ИИМ дааватчы дегендерди текшереби?

13.04.2021 17:37
1398
Зарылбек Рысалиев: ИИМ дааватчы дегендерди текшереби?

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ЖКнын тармактык комитетинде исламизация боюнча ИИМдин орун басары Нурбек Абдиевге суроолорду узатты.


Анда парламентарий өлкөдө акыркы кезде исламизация күчөгөн жокпу, дааватчыларды текшеришеби жана экстремисттик топторго чара көрүлөбү жокпу кызыгып көрдү. 


"Акыркы кезде Кыргызстанда исламизация күч алган жокпу?",- деди депутат. 

"Өлкөбүздө соңку мезгилдерде Сириядан кайтып келген жарандар аркылуу исламизация кооптонуусу бар",- деди Абдиев


"Дааватчы деген кимдер? Алар кайдан пайда болду? Телевизордун эфиринен бир жумада 5 күн эмнени сүйлөп жатат текшерип жатасыңарбы?",- Рысалиев.

"Кыргызстанда 21 уюм экстремисттик деп табылган жана алардын иш-аракеттерине чара көрүлөт",- деп жооп берди министрдин орун басары.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бактыбек
Эмнеге анан Сириядан ал балдарды алып келдиңер? Эгер ошолордун айынан исламиция күч алып келет деп божомолдоп жатсаңар? Же ошондой божомолдор менен элди дүрбөлөңгө салгынар барбы? Алып келээрден мурда билгенсинерда мунун баарын.