КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 1-майда “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу маркумдун жакын санаалаштарынын бири, акын Мирлан Самыйкожо “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, коштошуу митинги эртең, 1-майда саат 9:30да Бишкек шаарындагы “Дордой” конушунда өз үйүндө болот, саат 10:30да жаназасы окулат.
Мирлан Самыйкожо билдиргендей, Зайырбек Ажыматов оорудан каза болду. “Ал Элмирбек Иманалиевдин күйүтүн көтөрө албай калды окшойт”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн