29-апрелде КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун кабырына эстелик коюлду.
Ага белгилүү коомдук-маданий ишмерлер, замандаштары катышып, акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун эскеришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-жылдарда уюштурулган Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын (мурдагы чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук бирикмеси) алгачкы муунунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын дипломанты, Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында туулуп, өскөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн