Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Зайнидин Курманов: Марипов дарылардын баасын “жеке көзөмөлүмө алам” дегени абдан туура

02.03.2021 14:11
657
Зайнидин Курманов: Марипов дарылардын баасын “жеке көзөмөлүмө алам” дегени абдан туура


Премьер-министр Улукбек Марипов дары-дармектин баасын жеке көзөмөлүнө алып жатканы абдан туура, деп билдирди саясат таануучу Зайнидин Курманов “Медиа центр” мультимедиалык маалымат агенттигине берген комментарийинде.

Анын айтымында, пандемияда дары каражаттарына болгон баа өтө жогорулап жатканын бүт эл көрүп турат. Жада калса ар бир адам өз маселесин башкаларга жүктөп чечүү аракетин көрүп жатат. Мындай шартта мамлекет арбитр болуш керек жана өмөт өз эли үчүн туура шарттарды караштырышы кажет.

“Антпесе элдин кыжыры келип, кайрадан төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн.  Антимонополдук комитет буга чейин бааны кармап туруу боюнча эч кандай жумуш аткарган жок. Эл арасында ошол үчүн нааразычылыктар туулган. Андыктан бул комитет жаңы механизмдерди иштеп чыгып, жумушун алып барганы туура, аны өкмөт тыкыр көзөмөлдөп турушу керек”, - деп кошумчалады З.Курманов.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-мартта премьер-министр Улукбек Марипов дары-дармекке болгон бааларды кармоону жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн