Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Зеленский АКШга барып Байден менен жолугушту

22.12.2022 09:24
863
Зеленский АКШга барып Байден менен жолугушту

21-декабрда АКШ президенти Джо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский  Вашингтондо  сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.


Сүйлөшүүдөн кийин эки президент биргелешкен билдирүү таратты.


"АКШ жана жамааттык Батыш Украинага курал жеткирүү менен Орусия менен согушууну же үчүнчү дүйнөлүк согушту каалабайт. Америка Украинага энергетикалык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам берет.


Вашингтон Украинага гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн кошумча 374 миллион доллар бөлдү",- деди АКШ президенти.




 Өлкөбүзгө сонун жаңылыктар менен кетем, эң негизгиси "Пэтриот" комплекстери, ошондой эле өлкөнү колдоо үчүн 45 миллиард доллар бөлүү чечимине ыраазымын.


Жакынкы айларда Украинанын коргонуусу күчөтүлөт",- деди Владимир Зеленский.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн