Бир суткада 137 адам каза болду. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский өзүнүн кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, Украина аскерлери баатырларча күрөшүп жатат.
"Украина Ички иштер министрлиги өлкөнү коргоо үчүн курал сураган 10 миңден ашык адамга курал берген.
Бир суткада 137 Украина жараны каза болду. 316 адам жаракат алды.
Ал эми Змеиный аралын коргогон бардык аскерлер каза болгон",- деди президент.
Зеленский Россияга каршы Европа жана АКШ жардам бербесе согуш аларга да барарын эскертти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн