Бүгүн, 25-февралда Украина президенти Владимир Зеленский украиналыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, Зеленский кайрылуу учурунда Украинадагы кырдаал тууралуу маалымат берип, каза болгон жана жаракат алгандардын санын айткан.
"Украинаны коргоодо биз жалгыз калдык. Чынында Батыш биз менен бирге согуша албайт. Украинага ким коопсуздук берет? Мен аны көрө албай турам. НАТО болсо Украинага коопсуздукту убада кыла алган жок", - деди Украина президенти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн