Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Зеленский НАТОго мүчө болуудан көңүлү калганын билдирди

08.03.2022 19:54
704
Зеленский НАТОго мүчө болуудан көңүлү калганын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык ABC телеканалына берген маегинде НАТО өлкөлөрүнө кошулуу маселеси сууп баратканын билдирди.


"Нато Украинанын кабыл алууга даяр эмес экендигин түшүнгөндөн кийин аларга кошулуудан көңүлүм калды. Альянс каршы келе турган нерселерден жана Россия менен тирешүүдөн (конфронтация) коркуп жатат", — деп айткан Зеленский.


Белгилей кетсек, кечээ, 7-мартта, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва бир убакта эле аскердик атайын операциясын токтотуп коюшу мүмкүндүгүн айткан. Бул үчүн Киев Крым Россияныкы экенин жана ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн таанып, ошондой эле Украинанын нейтралдуу макамын орнотуу шарттарын аткарышын талап кылууда.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн