Россия сүйлөшүүгө барбаса, бир нече муундан кийин да бутуна тура алгыс соккуга учурайт. Мындай пикирин Украина президенти Владимир Зеленский билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Анын айтуусунда, Россия сүйлөшүүнү создуктурбаш керек.
"Жолугушуу учуру келди деп ойлойм. Сүйлөшүү жолу менен менен гана маселе чечилет. Россия сүйлөшүүгө барбаса, бир нече муундан кийин да бутуна тура алгыс соккуга учурайт.
Сүйлөшүүлөрдү көпкө создуктурбай маселени чечүү убагы келди",- деди президент Зеленский.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн