Мариуполдогу аскерлер жок кылынса, Россия менен сүйлөшүүгө чекит коюлат. Мындай пикирин Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Анын айтымында, Мариуполдогу украиналык аскерлер курчоого алынган. Аларда керектүү суу жана дары-дармек жок.
Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөр Бучадагы окуядан кийин оор болуп жатканын, эгер Мариуполь алынса Москва менен сүйлөшүүлөр "кызыл чекитке" жетерин билдирди.
Украина президенти керек болсо Россия менен 10 жыл болсо да согушуп, өзүнүн жерлерин кайтарып алууга даяр экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн