Бүгүн, 4-мартта Украина президенти Владимир Зеленский кайрадан кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Зеленский өзүнүн кайрылуусунда Россияга каршы санкцияларды күчөтүү керектигин белгилеген.
"Бүгүнкү түн Украина жана Европанын соңку түнү болуп кала жаздады. Алар атомдук электр станциясына чабуул койду.
АКШ жана Европа өлкөлөрү Россияга каршы күчөтүлгөн санкцияларды киргизиши керек.
Украина асманын жабууга тийиш",- деди Зеленский.
Буга чейин АКШ бийлиги Украина асманын жапса, Россия менен АКШнын согушуна жол ачарын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн