Украина президенти Владимир Зеленский Украинанын жеңиши үчүн бир гана жол бар экенин билдирди.
Анын айтымында, Украина согуштук жол менен гана Россияны жеңүүгө милдеттүү.
"Орус террорун токтотуунун, биздин бардык шаарларыбызга жана райондорубузга коопсуздукту кайтаруунун бир гана жолу бар – бул жол Украинанын аскердик жеңиши. Башка жол жок», - деди мамлекет башчысы видеокайрылуусунда.
Владимир Зеленский акыркы бир жума Украинанын коргонуусу үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, бир мезгилде Крымды кайтарып алуу ниетин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн