Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге жакын жайгашкан Буча шаарчасына барды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, Зеленский орус армиясынын кыйраган техникасы жаткан көчөнү көрүп, жергиликтүү тургундар менен сүйлөштү. Журналисттерге кайрылып, президент Россия Украинада согуштук кылмыштарга барганын, ошол эле маалда Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы деле жактарын айтты.
Ал эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Зеленскийдин билдирүүсүн четке кагып, Бучадагы окуя боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин өткөрүүнү сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн