Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Зеленскийдин арам оюн алдын ала билген Москва аны эртеңки Жеңиш парадына чакырган жок

23.06.2020 19:52
1601
Зеленскийдин арам оюн алдын ала билген Москва аны эртеңки Жеңиш парадына чакырган жок


Украинанын президенти Владимир Зеленский  канадалык The Globe and Mail басылмасына берген интервьюсунда: “Мени чакырышса да Москвадыгы Жеңиш парадына бармак эмесмин”, - деп айтты.


Быйыл январь айында Польшанын Освенциминдеги брифинг учурунда ал Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы үчүн Германия менен СССРди күнөөлөгөн.


Зеленскийдин Жеңиш парадына чакырылбагандыгын Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: “Украина де-факто жана көп жагынан де-юре КМШнын мүчөсү болбой калган, каалоо да байкалбайт”, - деп түшүндүргөндүгүн РИА “Новости” маалымдады.


Ал эми Россиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү Алексей Пушков украин президенти Владимир Зеленскийдин Москвадагы парадга чакырылбагандыгын туура чечим деп атады. Анын пикиринде, Зеленский чакырылса келбей калгандыгын саясий максатка пайдаланмак.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн