Украина президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович кызматынан бошотулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалым болгондой, 17-январда Арестович кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Ошол эле күнү Зеленскийдин кеңсесинин аппарат башчысы анын арызын кабыл алган
Белгилей кетсек, Алексей Арестович Россиянын ракетасына сокку урулгандан кийин Днепр шаарындагы көп кабаттуу үйгө кулаган деп маалымат тараткан. Бул маалыматты Украинанын коргоо органдары четке кагып, ракета атайын көп кабаттуу үйгө багытталган деп билдирүү тараткан.
Ал окуядан 45 адам каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн