Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги Украинадагы атайын операция башталгандан бери канча аскер каза болгонун билдирди. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлады.
Маалым болгондой, операция башталгандан бери 498 орус аскери каза болгон. 1597 аскер жаракат алган.
Ал эми Украина тараптан 2870 адам өлгөн.
Бул көрсөткүчтөр Украина президенти Владимир Зеленскийдин көрсөткүчү менен такыр дал келбейт.
Ал 2-мартка карата 9 миңдей орус аскери өлтүрүлгөнүн билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн