Бишкек шаарынын Биринчи
май райондук сотунда мыйзамсыз баюу деген айып тагылып мурдагы
вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соттук иши каралды. Бул
тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-июндагы сот отурумуна айыпталуучунун жактоочулары келбей калганына байланыштуу, териштирүү 10-июнга саат 14:30га жылдырылган.
Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура тарабынан “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн