Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мыйзамсыз баюу деген айып тагылып мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соттук иши каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-майдагы соттук отурумда күбөлөр Д.Т.Таткулов, У.И.Асанакунов, Ж.Кадыркулов, Б.Т.Жолборсов суракка алынышты.
Ал эми иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу соттук териштирүү 27-майда саат 14:00дө улантыла турган болду.
Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура тарабынан “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн