Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Зиядин Жамалдинов Ноокаттагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды

03.12.2021 15:39
687
Зиядин Жамалдинов Ноокаттагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды

“Биз биргебиз!” Ноокатта 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен Ош облусунда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча “Биз биргебиз!” аталыгындагы бир айлык өтүп жатат. Анын алкагында бүгүн 3-декабрь күнү Ноокат районундагы Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн майрамдык салтанат уюштурулду.


Аталган иш-чарада райондогу ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры тарабынан даярдалган жомок, Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган "Буратинонун жоруктары" шоу программасы жана белгилүү эстрада жылдыздары катышкан концерттик номерлер тартууланды. Ошондой эле катышуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды.


Белгилей кетсек, 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. Буга байланыштуу Ош облусунда Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча бир айлык иш-чараларды өткөрүү планы бекитилген. Буга чейин “Биз биргебиз! ” иш-чарасы Араван, Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда өткөрүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн