Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Зиядин Жамалдинов Ошто той-аштарда, жаназаларда ысырапкорчулукту токтотууну талкуулады

16.08.2021 11:12
1609
Зиядин Жамалдинов Ошто той-аштарда, жаназаларда ысырапкорчулукту токтотууну талкуулады


Бүгүн, 16-август күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабековду кабыл алды. Жолугушууда ысырапкерчиликти жоюу, той-аш жана кишини жерге берүүдөгү салттарды аткарууда бирдиктүү эреже киргизүү боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк билдирди.


Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов экстремизм, терроризмди алдын-алуу үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана салттуу динди кармануу зарыл экенин айтты.


“Өлкөдө ар кайсы диний агымдарга кирип алган жарандарыбыз да бар. Алар намазды жаңы үйрөнүп жаткан балдарды башка багытка үндөп коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз салттуу динди карманып, сиздер бул жаатта иш алып барып жана терроризм менен экстремизимге каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүшүңүздөрдү суранам ”, - деди Ош облусунун башчысы.


Мындан сырткары, Ош облусунун аймагындагы мечиттердин тазалыгына көңүл бурууну сунуштады.


“Ислам дини негизи тазалыкты сүйөт дейт. Ошондуктан өзүбүздүн эле тазалыкка маани бербей, мечиттерди да ирээтке келтиришибиз керек. Ош облусундагы жалпы мечиттердин ичи, сыртындагы тазалыка көңүл буруңуздар”,-деди Зиядин Жамалдинов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн